• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев: Жергиликтүү бийлик органдарында кайсы бир түзүм ашыкча болуп жатат

Коом 0

Бишкек. 23.04.19 /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жергиликтүү бийлик органдарында кайсы бир түзүм ашыкча болуп жатканын моюнга алды. Бул тууралуу өкмөт башчы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинде өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди.

"Балким айыл өкмөттөрүн бириктирип, райондорду эле калтырсак кантет? Эми, бул маселени иликтеп жаткан комиссиянын жыйынтыгын күтүш керек, анан алардын бирин калтыруу маселеси чечилет деген ойдомун", - деди Абылгазиев.

"Бир Бол" фракциясынын башчысы Алтынбек Сулайманов аймактардагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү эмне маселе чечет? Эч нерсе чечпей калышты. Ошондуктан, аларды жоюш керек, бизге губерниясы жок губернаторлордун эмне кереги бар, деген пикирин айтты.

Премьер-министрдин айтымында, президенттин жарлыгын ишке ашыруунун алкагында административдик-аймактык реформаны этап-этабы менен жүргүзүүнүн "жол картасы" бекитилди.

Биринчи этапта стратегиялык документтерге талдоо жүргүзүлөт, 2-этапта ченемдик-укуктук актылар иштелип чыгат, 3-этапта административдик-территориалдык реформанын модели ишке ашырылмакчы.

Абылгазиев белгилегендей, өкмөт тарабынан акимдерге ыйгарым укуктарын аткаруу боюнча натыйжалуу шарттарды түзүүгө багытталган мыйзам долбоорлору демилгеленген.

Бул багытта өлкө өкмөтү акимдердин натыйжалуу ишине шарттарды түзүү, алардын жоопкерчилигин күчөтүү жана райондук администрация башчыларынын ишмердигин баалоо тутумун киргизүү үчүн парламент менен бирдикте конструктивдүү иш алып барууга даяр.

Пикир

Оставить комментарий