• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул бийликтин элге эң жакын органы

Өкмөт 0

Бишкек, 26.10.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын күнү менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоо текстти келтиребиз:

Урматтуу жергиликтүү жааматтын мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Республикада учурда 1800дөн ашык айыл жана кичи шаарлар бар, анда өлкө калкынын 66%ы жашайт. Бул жерде өзгөчө белгилеп кетчү нерсе – бул пайыздын басымдуу бөлүгү бекем руханий өзөккө бай, ар түрдүү маданиятка жана салттарга ээ, биздин коомубуздун экономикалык активдүү бөлүгү болуп саналат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул бийликтин элге эң жакын органы, ушул органга ошол аймактын социалдык-экономикалык абалы, анда жашаган жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү сыяктуу чоң жоопкерчиликтер жүктөлгөн.

Дал мына ушул жергиликтүү бийликке, жергиликтүү депутаттарга эл күнүмдүк көйгөйлөрү, кыйынчылыктары жана башка маселелери менен тынымсыз кайрылып турат. Ошондуктан адилет, компетенттүү, чынчылдык сыяктуу маанилүү сапаттарды элибиз жер-жерлерде жетекчилердин аракеттеринен көрүп тургусу келет. Карапайым адамдардын кызыкчылыгына жана өзүнүн туулуп-өскөн жерине берилип кызмат кылуудан артык ардактуу кесип жок болуш керек.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, азыркы Өкмөттүн принципиалдуу позициясы – бул баарынан мурда өлкө жарандарынын алдындагы социалдык милдеттерди кынтыксыз аткаруу. Бул жагдайда айыл жашоочуларынын жашоосун жана тиричилигин жакшыртуу, мектеп, бала бакча, ооруканаларды куруу, жолдорду салуу жана суу менен камсыздоо – бул биздин башкы милдеттерибизден болуп саналат.

2018-жылы эле республиканын 32 айылына 805 млн сомго суу менен камсыздоо системалары салынды, натыйжада 45 миң айыл тургуну таза суу менен камсыздалды.

Мындан тышкары 50 миңден ашык айыл тургундары 2019-жылдын аягына чейин таза суу менен камсыз болот, ал эми 2026-жылга чейин 425 айылга 8,9 млрд сомго суу кирет.

Булар менен бирге дал мына ушул айыл жерлерине 2019-жылы 331 км жол салынды, жана бул иштер мындан ары да активдүү фазада улантылат. Жалпысынан айтканда, 2018-2019-жылдары 214 социалдык-маданий объекттер ишке берилди. Буга 4 млрд сом каражат жумшалды.

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аракеттери бүгүн толугу менен элибиздин күнүмдүк маселелерин чечүүгө гана басым жасалбастан, алар менен бирге биздин мамлекеттин келечектүү стратегиялык милдеттерин чечүүгө да багытталган.

Албетте, өлкө жетекчилигинин мындай күч-аракеттерине убакыт жана тарых өзү баа берет, антикени бул – биздин жападан жалгыз тандообуз, башка жол жок. Жарандарыбыздын биримдиги жана жаратмандык эмгеги аркылуу гана биз ийгиликтүү өлкөнү кура алабыз. Башкысы, биз туура жолдо баратабыз.

Жарандарыбыздын биримдиги жана жаратмандык эмгеги аркылуу гана биз ийгиликтүү өлкөнү кура алабыз.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, бардык элеттиктерди дагы бир жолу майрамы менен кызуу куттуктап, тынчтык жана биримдик, бекем ден соолук жана күжүрмөн эмгегиңиздерге ийгиликтерди каалайм.

Пикир

Оставить комментарий