• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Жерлерди трансформациялоо боюнча ар бир маселе акыйкат, мыйзам ченемдерин сактоо аркылуу каралышы керек

Өкмөт 0

Бишкек, 03.05.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 3-майда, «Сугат айдоо жерлерди чарба жеринин башка категориялары жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлорун талкуулоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, аталган өзгөртүүлөр социалдык жактан маанилүү саналат жана Өкмөт тараптан биринчи кезекте каралат.

«Жерлерди трансформациялоо маселеси 25-30 жылдан бери карай чечилбей келе жатат. Бул жылдары айыл чарба багытындагы тилкелерге турак-жай курган жарандардын көптөгөн социалдык жана турмуш-тиричилик көйгөйлөрү чогулду. Алар өз мүлкүн мыйзамдаштыра албай, жашаган орду боюнча каттоого тура алышпайт. Натыйжада, жарандар балдарды бала-бакча, мектептерге орноштуруу, социалдык жана медициналык көмөк алууга байланыштуу кыйынчылыктарды баштан кечирүүдө. Ошондой эле алар өзүнүн конституциялык укугунан – шайлоого катышуу укугунан айрылышкан», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы аталган мыйзамдарды кароодо жерлерди трансформациялоодогу коррупциялык тобокелдиктерге өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

«Республикада ондогон жылдар бою жеке турак-жай курууга чоң эмес жер тилкесин мыйзамдаштыра албай келе жаткан жарандар бар. Буга катар эле айыл чарба багытындагы бир нече гектарлаган жерлерди кандайдыр-бир жол менен өзүнө каттатып алгандар да бар. Алар трансформациялоону пайда табуу ыкмасы катары карашат. Мындайга жол берүүгө болбойт», - деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана укук коргоо органдарына айыл чарба багытындагы жерлерди тариздөө процедураларын тыкыр текшерүүдөн өткөрүүнү тапшырды.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, ведомство аралык комиссия тарабынан жеке турак-жай курулушуна трансформациялоо пландаштырылып жаткан сугат жерлерди инвентаризациялоо жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий