• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев: ЖМКга каршы доо арыз – талаштуу маселени жөнгө салуунун жалгыз жолу эмес

Өкмөт 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. ЖМКга каршы доо арыз – талаштуу маселени жөнгө салуунун жалгыз жолу эмес. Тараптар келип чыккан маселени чечүүнүн альтернативдик шарттарын табууга аракет кылыш керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын басма сөз жана маалымат күнүн жана Кыргыз Республикасынын телеберүү жана радио кызматкерлеринин күнүн майрамдоого карата уюштурулган жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлоо салтанатында билдирди.

Өкмөт башчы өз сөзүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн буга чейин белгиленген кесиптик майрамы жана келе жаткан жаңы жыл менен куттуктады.

«Азыркы жеңил эмес учурда журналист болуу – бул, албетте, барынан биринчи чоң жоопкерчилик. Cиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин натыйжасында биздин жарандар өлкө ичинде жана андан тышкары аймактардагы акыркы коомдук-саясий, маданий окуялар менен кабардар болуу мүмкүнчүлүгүн алууда. Учурда биздин жашообузду жалпыга маалымдоо каражаттарысыз элестетүү мүмкүн эмес. Мен ЖМКнын өлкөнүн социалдык-экономикалык кайра куруусундагы ролун белгилегим келет. Премьер-министр катары мен журналисттер менен байма-бай жолугам жана силердин ишиңердин татаалдыгын дагы билем», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр учурдан пайдаланып, массалык маалымат каражаттарына карата доо арыздардын айланасындагы талкуулар боюнча өз пикирин билдирди.

«Кыргызстандагы сөз эркиндиги – бул маанилүү жетишкендиктерибиздин бири болуп саналарына толук ишенем. Биздин өлкө сөз эркиндиги боюнча аймактагы лидер болуп эсептелет. Бул талашсыз факт. Бизде кандай гана жаран болбосун, өз пикирин эркин билдире алат, ал эми жалпыга маалымдоо каражаттары муну тоскоолдуксуз жайылтып келет. Бирок ата мекендик журналистика биздин өлкө сындуу учурда калыптануунун жана өнүгүүнүн татаал баскычынан өтүүдө. Журналисттер дагы материалдары дайыма тастыкталган фактыларга негизделиши керектигин унутпашы зарыл. Мен журналистиканын акыркы жылдары иштин сапатына чоң көңүл буруп, редакциялык талапты күчөтүп, этикалык ченемдерди тажрыйбада колдонуп жатканын байкап, кубанып турам. Биз мындан ары да Кыргызстандагы сөз эркиндигин бекемдөөгө бардык ишти жасап, ушул оңдуу тенденцияларды сактап калабыз деген терең ишенимдемин. Өлкөдөгү окуяларды сапаттуу жана калыс чагылдыруу биз үчүн өтө маанилүү, анткени биз маалыматтын күчүн баалоо кыйын болгон шарттарда жашап жатабыз. ЖМКларга каршы доо арыздар – талаштарды жөнгө салуунун жалгыз жолу эмес экендигин баса белгилей кетейин. Тараптар келип чыккан келишпестиктерди чечүүдө ар дайым альтернативдик багыттарды табууга умтулууга тийиш. Биздин күчүбүз ачык-айкындуулукта. Биз эч нерсени жашырбайбыз жана кандай гана тема болбосун ачык талкуулаганга, далилдерди келтирүүгө жана талкуулоого даярбыз. Бизде мунай жана газдын ири камы жок, бирок биздин эркиндикти сүйгөн, демократиялуу коомубуз, сөз жана тандоо эркиндигибиз бар», - деп баса көрсөттү Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, алдыга карай ийгиликтүү жүрүүнүн маанилүү фактору туруктуулук болуп саналат. 2018-жылдан баштап Кыргызстан макроэкономикалык кырдаалды турукташтыра алды. Бул тууралуу Эл аралык валюта фонду, Бүткүл дүйнөлүк банк сыяктуу абройлуу эл аралык уюмдар белгилешүүдө.

«Бирок эң негизги жетишкендигибиз – бул тынчтык, туруктуулук жана элдин биримдиги. Бул жерде албетте, журналисттер коомчулугунун дагы чоң салымы бар, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. – Биздин алдыбызда дагы да жасай турган иштер арбын, цивилизациядан артта калбоого тийишпиз. Технологиялык революция жана жаңы ачылыштардын доору келди. Ошондуктан бул оңой эмес милдетти аткарууга ар тараптуу көмөктөшүү сиздердин милдет деп эсептейм. Учурдан пайдаланып бардыгыңыздарды келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Сиздерге бакубатчылык, ишиңиздерге ийгилик жана бекем ден соолук каалайм!».

Өкмөт башчы сөзүнүн соңунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий