• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев: Жол-транспорттук инфраструктураны жакшыртуу зарыл

Коом 0

Бишкек, 18.02.19 /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчыга «Коопсуз шаар» долбоорун жүзөгө ащыруу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымдалды.

Анын ичинде жол инфраструктурасына, жол белгилерине, унаа жолдорунун айрым тилкелериндеги кыймылдын жыштыгына байланыштуу көйгөйлүү маселелерди чечүү жолдору талкууланды.

Белгилегендей, долбоор ишке киргизилген учурдан баштап 9700 ашуун жол кыймылынын эрежесин бузуу катталган, алардын жарымы тастыкталган.

«Карапайым жарандар «Коопсуз шаар» долбоорун колдоп беришти. Көп жылдардан бери биринчи жолу жолдордогу кырдаал кардиналдуу түрдө өзгөрүп, ал эми жол эрежелерин бузуулардын саны кыскара баштады. Айдоочулук маданият дагы өзгөрүүдө. Айдоочулардын көпчүлүгү жол инфраструктурасында келип чыккан ыңгайсыздыктарга жана жол тыгындарына карабастан, жол кыймылынын эрежелерин сактоого аракеттенишүүдө», - деп белгиледи Абылгазиев. – Ошол эле учурда долбоорду ишке киргизүү инфраструктуранын жана жол кыймылын уюштуруунун айрым маселелерин ачыктады. Көпчүлүк көчөлөрдөгү кыймылдын жыштыгы алардын унааларды өткөрүү шарттарына туура келбейт. Бул айрыкча унаа жолдордун жана кесилиштердин кыймыл көп тилкелеринде байкалат. Транспорттук агым өзгөрүп, унаа тыгындарынын пайда болушуна алып келүүдө».

Өкмөт башчынын айтымында, жол кыймылын оптимизациялоо жана жакшыртуу, ыңгайлуу жана ойлонулган жол-транспорттук тутумун камсыздоо үчүн аны терең талдоо зарыл.

«Жолдордо рационалдуу кыймылды камсыздоо үчүн светофордук талдоого өзгөчө көңүл буруу керек. Келип чыккан маселелердин баштапкы себебин аныктамайынча, биз натыйжалуу чараларды көрүп жана жолдордогу абалды жакшыртууга жетише албайбыз. Буга байланыштуу дагы көп иштерди жасоо жана шаардыктардын пикирин эске алуу менен мындан аркы иш-аракеттерди жүргүзүү зарыл», - деди Абылгазиев.

Премьер-министр жол кыймылын тыкыр талдоону жана кырдаалды жакшыртуунун натыйжалуу чараларын иштеп чыгууну тапшырды.

«Биздин жарандар жана айдоочулар өз сунуштары, анын ичинде жол белгилери жана светофордук жөнгө салуу боюнча пикирлери менен бөлүшүп жатканы кубандырат. Биз абдан маанилүү жана керектүү долбоорду ишке киргизе алдык. Мен биргелешкен күч-аракеттерибиз жана адамдардын пикирлерин эске алуу менен жолдорубузду кыйла коопсуз жана ыңгалуу кылабыз деп ишенем», - деп жыйынтыктады Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий