• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жазалоо укуктарынан ажыратылат

Коом 0

Бишкек, 06.07.18. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жазалоо укуктарынан ажыратылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 6-июлда, Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында туризмди өнүктүрүү жана жайкы туристтик мезгилди уюштуруу маселелери боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишмердигин кескин өзгөртүү чаралары каралган. Өлкөнүн жолдорундагы адам өмүрүн алган кайгылуу окуялар бул түзүмдүн бошоңдугун көрсөттү. Башкармалыктын кызматкерлери айып салып, пара талап кылганды гана билишет. Буга мындан ары чыдоого болбойт», - деп баса белгиледи Премьер-министр жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиевден жол кыймылынын эрежелерин катуу сактоону камсыздоону, ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин ак ниет аткаруусун талап кылды.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жазалоо укуктарынан ажыратылышы керек.

«Мен ЖКККББга бузууларды аныктоо укуктарын гана берүү пикирин карманам. Бул аркылуу алар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жооптуу болушат, ал эми таякча менен туруп алып,бузуучуларды аныктоо, пара талап кылуу мүмкүндүгү жоголот. Жол кыймылынын коопсуздугу үчүн жооптуулар чет мамлекеттик номерлүү ар бир унааны токтотуп жатышса, туризмди өнүктүрүү тууралуу кайдан сөз болот», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жыйынтыгында Өкмөт башчы үстүбүздөгү жылдын күзүндө туристтик мезгилдин жыйынтыгы боюнча кызыкдар тараптар менен дагы бир жолугушуу уюштурууну жана туризмдин өнүгүшүнө тоскоолдук жараткан маселелерди талкуулоону сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий