• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: Жолдор – бул экономикалык өнүгүүнүн негизги түзүүчүсү

Өкмөт 0

Бишкек, 11.10.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республика боюнча унаа жолдорун куруу долбоорлорун ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчыга транспорттук инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, жолдорду куруу жана реабилитациялоонун жүрүшү, биринчи кезекте аймактар үчүн стратегиялык мааниге жана эл аралык транспорттук коридорго айлануу келечегине ээ каттамдар боюнча маалымат берилди.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында эл аралык маанидеги жаңы жолдорду куруу жана учурда колдонулуп жаткандарын реконструкциялоо жүрүп жатат.

Алсак, 150 чакырым узундуктагы Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад альтернативдик жолунун биринчи фазасы боюнча иш 75%, экинчи фазасы 99 км аралык – 79%га аяктаган. Долбоордун экинчи фазасы 140 чакырым 2022-жылы аяктайт.

Жергиликтүү маанидеги ички райондук жолдордун 134 чакырымында курулуш жана калыбына келтирүү иштери аяктаган. Буга республикалык бюджеттен 600 млн сом бөлүнгөн. Белгиленгендей, быйыл бюджеттик каражаттарга 315 км жол салынып жана оңдолгон. Өткөн жылга караганда бул 114 чакырымга көп.

Кеңешмеде ошондой эле Ош – Баткен – Исфана жолунун Көк-Талаа – Караван участогунда, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Долон - Кызыл-Бел участогунда реабилитациялоонун, Тараз – Талас – Суусамыр жолунун реабилитациялоо IV фазасын ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Мындан тышкары кеңешменин катышуучулары Ысык-Көл транспорттук шакекчесин, Талас – Тараз - Суусамыр унаа жолун, Бишкектин түндүк четиндеги айланма трассаны куруу жана реабилитациялоо долбоорлорун биргелешип ишке ашыруу боюнча эл аралык финансы институттары менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү талкууланды.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары унаа жолдорун салууда жана оңдоодо олуттуу жылыштар байкалып жатканын белгилеген Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өнүккөн жана заманбап жол-транспорттук инфратүзүмсүз экономиканын керектүү темпин өстүрүү мүмкүн эместигин баса көрсөттү.

«Жолдор – бул экономикалык өнүгүүнүн негизги түзүүчүсү. Ири инфраструктуралык долбоорлорду сапаттуу жана өз учурунда жүзөгө ашырууну камсыз кылуу менен, республиканын чыныгы транзиттик өлкөгө айлануусуна жана эл аралык транзиттик алакага активдүү катышуусуна жетишүүбүз керек. Ошондой эле жаңы унаа жолдору ал тургай биздин өлкөнүн алыскы аймактарынын экономикалык активдүүлүгүн кайра жандандырып жана аны жогрулатууга шарт түзөт. Ошондуктан, биз жергиликтүү маанидеги шаарлардын жана айылдардын жолдорун дагы унутпашыбыз керек. Биз зарыл болгон каражаттарды табуу жана бардык күч-аракетибизди жумшоо менен бул багытка өзгөчө маани беребиз», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары республиканын унаа жолдорун курууга жана реаблитациялоого катышууда ата мекендик компаниялардын топтогон тажрыйбасын эске алуу менен, Премьер-министр аларды эл аралык каржы институттарынын колдоосу менен ишке ашып жаткан ири инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашырууга тартуу маселесин көтөрдү.

Бул улуттук экономиканын кызыкчылыгына кызмат кылаарын Мухаммедкалый Абылгазиев белгиледи. Буга байланыштуу Транспорт жана жолдор министрлигине ата мекендик компанияларга зарыл болгон жардамдарды берүү, ошол эле учурда долбоорлорду сапаттуу ишке ашырууну башкы максат кылып коюу керектигин айтты.

Жыйындын соңунда Өкмөт башчы жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду сапаттуу жана өз учурунда жүзөгө ашырууга байланыштуу бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий