• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: Жолдор – бул экономиканын күзгүсү

Өкмөт 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Жолдор – бул экономиканын күзгүсү. Алардын абалына жараша калктын жашоо деңгээлине баа берилет, - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарындагы оңдоп-түздөөдөн өткөн Шакиров көчөсүнүн ачылыш салтанатында.

«Каттам бар жерде, багыт бар. Бул өлкөнүн өнүгүү жолу. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланган Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында биз өнүгүүнүн негизи катары социалдык чөйрөнү алдык. Социалдык чөйрөнү жакшыртуу менен биз калкка кам көрөбүз. Жолдорду эле алсак. Көз карандысыздыкты алган убакыттан баштап 2010-жылга чейин өлкөдө болгону 661 чакырым жол курулду. Ал эми 2019-жылы 700 чакырымдан ашык каттам салынды. Анын 416 чакырымына асфальт төшөлдү. Ошентип, бир жылдын ичинде оңдолгон жолдор акыркы 19 жылдагыга караганда көп. Бул өлкө өнүгүүнүн туура багытын тандап алганын айтып турат», - деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы жол инфраструктурасын өнүктүрүү менен катар, башка бир нече милдеттер дагы аткарылып жатканын айтты.

«Мугалимдердин эмгек акысы көбөйтүлдү. Кийинки жылга мамлекеттик бюджеттен бул максаттарда кошумча дагы 8 млрд сом бөлүнгөн. Мындан тышкары медицина кызматкерлеринин эмгек акысын, пенсияларды жогорулатуу, жаңы социалдык объекттерди жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн турак үйлөрдү куруу пландалып жатат. Өкмөт ар бириңиздердин жашооңуздарды жакшыртуу үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатат деп айта алам. Бул максат ишке ашып жатканын сандар айтып турат. Ошол эле учурда басым борбор калаага эмес, аймактарга, алды менен айылдарга жасалууда. Биз жаштарыбыз жогорку окуу жайларды бүтүргөн соң, өз аймактарына кайтууну каалап, аны өнүктүрүүгө катышуусуна жетишүүгө ниеттенип жатабыз», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Узундугу 2,5 км болгон Шакиров көчөсүн оңдоо 2019-жылдын июнунда башталган. Долбоордун жалпы сметалык баасы 120 млн сом. Жол бардык тиешелүү инфраструктурасы менен курулган – эки тарабы тротуар, арыктар жана жарыктандыруу орнотулган, коомдук унаа токтоочу жерлер бар.

Пикир

Оставить комментарий