• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Абылгазиев жолдордо паракорлорду аныктоо боюнча туруктуу рейддерди жүргүзүп турууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 05.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жолдордо паракорлорду аныктоо жана аларды катуу жазалоо боюнча туруктуу негизде атайын рейддерди жүргүзүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери учурда башкы милдет – өлкө жолдорунда коопсуздукту камсыздоо жана тартип орнотууга күч-аракеттерин жумшоого тийиш.

«Айрым милиция кызматкерлери өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттери менен жарандардын нааразычылыктарын жана сын-пикирлерин жаратууда. Бул КР Ички иштер министрлиги өз ишин жакшыртуу жана коррупциялык тобокелдиктердин тамырын кыркуу боюнча таасирдүү чараларды көрүүгө тийиш экенин айтып турат. ИИМ жолдордо тартипке келтирүү сыяктуу кеңири жана абдан зарыл иштерди акча табуу ыкмасы катары караган кызматкерлерден арылуусу керек. Дал ушул ЖКККББ кызматкерлери жол коопсуздугу тармагындагы реформалардын башкы кыймылдаткыч күчү болуулары кажет. Башкы милдет – айдоочулар жол кыймылынын эрежелерин бузбоого тийиш. Жол кырсыктарынан адамдарыбыз майып болуп жана өмүрлөрү кыйылбашы керек», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, жарандар жол кыймылынын эрежесин бузгандар үчүн жаңы айыптардын натыйжалуулугуна Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын милдеттерин так аткарбаган, өздөрү сактоого милдеттүү болгон мыйзамдарды бузууга барган кызматкерлерине жана сапаттуу алдын алуу иштеринин жоктугуна байланыштуу күмөн санап жатышат.

«Кыска мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин арасында коррупция фактыларынын алдын алуу жана аныктоо боюнча чаралардын топтомун иштеп чыгуу зарыл. Бир катар ички антикоррупциялык иш-чараларды өткөрүү керек. КР Ички иштер министрлигине КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте жолдордо паракорлорду аныктоо жана аларды катуу жазалоо боюнча туруктуу негизде атайын рейддерди жүргүзүү зарыл, - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. – Биз жолдорубуздун коопсуз жана ыңгайлуу болушун каалайбыз, анткени учурда өлкөдө жолдордун абалы али татаал бойдон калууда. Авариялуулук жогору бойдон турат. Ошондуктан биз биринчи кезекте инспекторлор өз милдеттерин натыйжалуу аткарууларына жетишүүгө тийишпиз, алар жол коопсуздугун камсыздап жана жарандардын ишенимине татыктуу болуу үчүн умтулууга тийиш».

Ошондой эле өлкөдө автоунаалардын санынын өсүү тенденциясын эске алуу менен Премьер-министр жол кыймылын, айрыкча борбор шаардын кыймыл жыш жолдорунда башкаруу механизмдерин жакшыртуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий