• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев жумушчу сапар менен Грузияга учуп барды – бүгүн эмнелер болот?

Өкмөт 0

Тблиси, 16.05.18. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Ачык Өкмөт" Өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин 5-чи Саммитине катышуу үчүн Грузияга учуп келди.

Тблиси шаарынын эл аралык аэропортунан аны Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Георгий Шарвашидзе жана КРнын Азербайжан жана Грузиядагы ишенимдүү өкүлү Бакыт Юсупов тосуп алды.

Учактын алдына килем төшөлүп, Ардактуу күзөт тизилген.

Бүгүн Абылгазиев менен Грузиянын премьер-министри Мамука Бахтадзенин жолугушуусу күтүлүүдө. Андан тышкары Абылгазиев өлкөнүн экономика жана финансы министрлигине барат жана Эски шаарды кыдырат.

Пикир

Оставить комментарий