• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев жумушчу сапары менен Ош облусуна барат

Өкмөт 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-сентябрда, эки күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барат, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Өкмөт башчы сапардын жүрүшүндө Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунда орто мектептердин жана оорукананын ачылыш салтанатына катышат.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Жекенди-Шибээ каналынын курулушунун жүрүшү жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Перети Коал» ЖЧКсы көмүр ишканасынын иши менен таанышмакчы.

Пикир

Оставить комментарий