• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев журналисттерге: Силердин ролуңар маңыздуу жана маанилүү

Өкмөт 0

Бишкек, 07.11.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

Өкмөт башчынын куттуктоо сөзү:

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Биз динамикалуу түрдө өнүгүп жаткан мезгилде, маалыматтын башкаруусундагы дүйнөдө жашап жатабыз. Жалпыга маалымдоо каражаттары адамдарга, коомго жана мамлекетке маанилүү жана тарыхый чечимдерди кабыл алууда зор таасир берет. Биздин коомдун эң актуалдуу жана өтө зарыл маселелерин күнүмдүк ишмердүүлүгүндө чагылдырган журналисттик коомчулуктун көз карашына мамлекет көңүл буруп келет. Силердин ролуңар маңыздуу жана маанилүү!

Ошону менен бирге бүт дүйнөгө «fake news» деп аталган тенденциянын жайылышы байкалып жатканын эске алуу менен журналисттер көрүүчүлөрдүн, окурмандардын жана угуучулардын, коомдун алдындагы өз жоопкерчиликтерин унутпашы керек. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтылган ар бир анык эмес сөз же факт адамдын өмүрүн өзгөртүп, коомдук коопсуздукка, туруктуулукка жана өлкөдөгү саясий кырдаалга таасирин тийгизерин эстен чыгарбоо кажет.

Биз республикада сөз эркиндигинин бар экендиги жана ар бир жаран мааниси зор жана олуттуу маселелер боюнча өз ой-пикирин ачык-айкын билдире алары менен сыймыктанабыз.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү журналисттердин эмгегин жогору баалайт. Сиздер материалдарыңыздарда өтө зарыл маселелер, жарандардын кыйынчылыктары тууралуу айтып берип, ишенимдүү фактыларга негизделген конструктивдүү сын-пикирлерди билдирип келесиздер.

Биз жарандык коомдун бардык институттары, анын ичинде масс-медиа менен үзүрлүү жана натыйжалуу диалогду колдойбуз. Биздин ишибизди жакшы кылган сиздер болуп саналасыздар.

Кымбаттуу маалымат жана басма сөз чөйрөсүнүн кызматкерлери,

Кесиптик майрамыңыздарда сиздерге бекем ден соолук, бакубатчылык, тынчтык, чыгармачыл ийгиликтерди жана кызыктуу жаңы материалдарды каалайм.

Пикир

Оставить комментарий