• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Жыл соңуна дейре Өкмөт курулуп бүткөн соцобъектилердин санын 165ге жеткирет

Өкмөт 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна бир күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө орто мектептерди ачуу салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Ш.Гана атындагы мектепти ачууда Өкмөт башчы Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундарын маанилүү окуя менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан куттуктоо сөзүн билдирди.

«Билим берүү тармагы – маанилүү тамактардын бири, аны өнүктүрүгө биз өзгөчө көңүл буруу менен жыл сайын 30 млрд сом бөлүүдөбүз. Кыргыз калкы өз тарыхында көптөгөн катаал учурларды башынанөткөрдү. Бирок ага карабастан, биз чыңалып, ырааттуу өнүгүүжолунатүшө алдык. Бүгүн ушул мектеп сыяктуу заманбап объектилерди ачуу менен биз ага күбө болуудабыз. Эгерде өткөн жылы 90 жакын социалдык объект курулса, быйылкы жылы пландаштырылган 150 мектептин ордуна 165 объект ишке берилет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, курулуп жаткан окуу жайлары жаңы талаптарга жооп берет жана анын ар бирине интернет киргизилет.

«Биз өсүп келе жаткан муун билимдүү, атаандаштыккажөндөмдүү, бир нече тилди билипчыгуусункаалайбыз. Алар кеминдеүч тилди: кыргыз, орус жана англистилин билүүсү шарт. Мында чоң жоопкерчилик мугалимдергежүктөлөт, алар өз ишинде мыктылардын катарында болуусуүчүн кесиптик ыкмаларынөркүндөтүүсү керек. Мен бул мектептенөз жергесинин жана өлкөсүнүнөнүгүүсүнө тийиштүү салымын кошо турган чыныгы патриотторөсүп чыгаарынаишенемин», - деп кошумчалады Өкмөт башчы.

Мындан тышкары Лейлек районуна караштуу Тогуз-Булак айылындагы «Тогуз-Булак» орто мектебинин ачылышында сөз сүйлөгөн Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, аймактарда мындай заманбап мектептерди куруу менен «биз айылдагы билим берүүдеңгээлишаардыкынанэчнерсеси менен айырмаланбоосунажетишүүгөумтулабыз».

Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгына ылайык, Өкмөт айыл жерлериндеги адамдардын жашоосун жакшыртуу маселелеринеөзгөчө көңүл бурат, анткени мында калктын 70 пайыздан ашууну жашайт.

Бул мектептер 225 окуучуга эсептелген. Ачылыш салтанатынан кийин жалпы билим берүү мекемелерине компьютердик жабдуулар берилди.

Андан соңӨкмөт башчы Лейлек районунун Кара-Таш айылындагы бала бакчаныачты.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, Өкмөт аймактардагы балдардын чыгармачылыгын, интеллектуалдык жана спорттук потенциалын өнүктүрүүүчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулат.

Ал мурда менчиктештирилип кеткен бала бакчалардын имараттарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө айтып берип, бул иш мындан ары да улантыларын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий