• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиевдин бир туугандары кайда иштешет? Өкмөт жооп берди

Коом 0

Бишкек. 21.05.19 /Кабар/. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан, бир туугандарынын бары жөнөкөй кызматта эмгектенишет, айрымдары ардактуу эс алууда жана үй кожойкелери. Бул тууралуу өкмоттүн маалымат кызматы кабарлады.

Абылгазиев жети бир тууган жана 85 жаштагы апасы премьер-министрдин колунда.

1. Агасы Калыйнур Абылгазиев жубайы экөө тең ардактуу эс алууда. Уулу соода тармагында, бир кызы тигүүчү, экинчиси үй кожойкеси;

2. Соодонбек Абылгазиев – журналист, акын, жазуучу (учурда жеке ишканалардын биринде кароолчу), жубайы – мугалим. Кызы жеке ишкерчилик менен алектенет, уулу – студент, энергетика багыты боюнча билим алат, кызы – мектеп окуучусу;

3. Айнура Дүйшекеева – ардактуу эс алууда. Жолдошу ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген, Кочкордо жашашат;

4. Жылдыз Абылгазиева – мугалим. Уулдары курулуш тармагында жөнөкөй куруучу болуп эмгектенишет. Кызы – үй кожойкеси.

5. Азиз Абылгазиев – Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек каражаттары жана медициналык техника департаментинин Баңгизатты мыйзамдуу түрдө айлантуу бөлүмүнүн башчысы. Жубайы – врач. Уулдары – банк, катардагы кызматкер болуп эмгектенишет. Кызы – каржы тармагында иштейт. Күйөө баласы – “Кыргыз Почтасы” мамлекеттик ишканасында директордун орун басары кызматын аркалап келет (өз ишин ар кандай мекемелерде, Мамлекеттик байланыш комитетинде катардагы кызматкерден баштаган, программист);

6. Кундуз Абылгазиева – шаардык ооруканаларда улук медайым. Жолдошу – суу чарбасында мурап болуп эмгектенет. Уулдары – муниципалдык кызматта жана жеке ишканда иштешет.

Премьер-министрдин атасы Дүйшеке Абылгазиев – Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, экинчи топтогу майып, убагында укук коргоо органында, партиялык кызматтарда эмгектенген. Быйыл күзүндө 100 жашка чыкмак. Ал эми апасы Жеңилдик Абылгазиева – үй кожойкеси. Учурда 85 жашта, Өкмөт башчы менен бирге жашайт.

Пикир

Оставить комментарий