• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиевдин төрагалыгы алдында өкмөттүн кезектеги жыйыны өтүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 15.02.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында өкмөттүн кезектеги жыйыны өтүүдө.

Учурда өкмөт мүчөлөрү тарабынан КРнын 2018-жылы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маселе каралууда.

Жыйындын күн тартибиндеги маселелер боюнча экономика министри Олег Панкратов баяндама жасайт.

Президенттин “2018-жылды региондорду өнүктүрүүнүн жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын жана 2018-2022-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын региондук саясат концепциясын аткаруунун жүрүшү тууралуу маселе боюнча биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова кошумча баяндама жасашат.

Пикир

Оставить комментарий