• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абжапарова: Медиктер жана мугалимдерге узак мөөнөттүү насыялар берилет

Экономика 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. "Мамлекеттик ипотекалык компаниясы" ААК башкармалыгы учурда медицина кызматкерлери жана мугалимдер үчүн атайын ипотекалык программаны иштеп чыгууда. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда аталган компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова билдирди.

Анын маалыматына караганда, МИК бул максатта Евразия өнүктүү фондуна кайрылган.

"Учурда алар биздин 25 млн долларга кайрылуубузду карап жатат. Узак мөөнөттүү насыялар берилет. Насыяны доллар менен алып, биздин жарандарга сом менен беребиз. 15 жылга чейинки узак мөөнөттүү насыялар берилет деп жатабыз. Бул багытта так маалымат болгондо толук кабар беребиз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий