• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

АЧ-2018: Кыргызстандын байге куржунунда эки “күмүш” жана эки “коло” бар

Спорт 0

Бишкек, 28.02.18. /Кабар/. Күн мурун Каба уулу Кожомкул (Бишкек) атындагы спорт сарайында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын биринчи күнү жыйынтыкталды. Мелдештин биринчи күнү грек-рим күрөшү боюнча беш салмактык категория боюнча медалдар ойнотулду.

Кыргызстандыктар бардык 5 салмактык категорияда тең катышты. Жыйынтыгында КР мушкерлери 2 күмүш жана 2 коло медаль утушту.

Жыйынтык;

55 кг чейин:

1-орун. Шота Тонакура (Япония)

2-орун. Жоламан Шаршенбеков (Кыргызстан)

3-орун. Кумар Радженджер (Индия); Хорлан Жаканша (Казакстан)

63 кг чейин:

1-орун. Элмурат Тасмурадов (Өзбекстан)

2-орун. Урматбек Аматов (Кыргызстан)

3-орун. Мирамбек Айнагулов (Казахстан), Dokyung JUNG (KOR);

77 кг чейин:

1-орун. Бин Йанг (Кытай);

2-орун. Мохаммадали Абдолхамид Герай (Иран);

3-орун. Максат Ережепов (Казахстан), Шермет Перманов (Түркмөнстан).

87 кг чейин:

1-орун. Хоссейн Ахмад Ноури (Иран);

2-орун. Масато Суми (Япония);

3-орун. Азат Бейшебеков (Кыргызстан), Феи Пенг (Кытай).

130 кг чейин:

1 -орун. Бехнам Алиакбар Мехдизадех Арпатапех (Иран);

2-орун. Муминжон Абдуллаев (Өзбекстан);

3-орун. Мурат Рамонов (Кыргызстан), Ксиоминг Ние (Кытай).

Эске сала кетсек, 28-февралда саат 10:00дө грек-рим күрөшү боюнча калган беш салмактык категория боюнча мелдеш башталат.

Пикир

Оставить комментарий