• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

АЧ-2018: Мушкерлер Азат Бейшебеков жана Мурат Рамонов коло медаль багындырышты

Спорт 0

Бишкек, 27.02.18. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Грек-рим стилиндеги мушкерлер Азат Бейшебеков жана Мурат Рамонов Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын алкагында коло медаль утушту.

Алсак, Азат Бейшебеков 87 кг чейинки салмактык категория боюнча 3-орунга болгон кармашта 5:2 эсеби менен Казакстандык спортчу Хуссейн Муцольговду жеңди.

Мурат Рамонов өз кезегинде 130 кг ашык салмактык категория боюнча “коло” медаль үчүн болгон кармашта Казакстандык Антон Савенкону утту.

Мурда кыргыз балбандары Жоламан Шаршенбеков (55 кг) менен Урмат Аматов (63 кг чейин) күмүш медаль утушкан болчу.

Ошентип, мелдештин биринчи күнү Кыргызстандын курамасы 4 медаль багындырганга жетишти.

Эске сала кетсек, Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 31чи Азия чемпионаты башталды. Анда Азиянын 20 өлкөсүнөн келген дээрлик 700ө жакын спортчу катышууда.

Пикир

Оставить комментарий