• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Ачкыч жана капчыкты өзүнчө текчеге коюӊуз. Сырттан үйгө келгенде сактала турчу эрежелер

COVID - 19 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова учурдагы коронавируска байланыштуу сырттан үйгө келгенде эмне кылуу керектигин айтып берди.

Анын айтымында, эшиктен үйгө келгенде бут кийимди кире беришке чечүү, колду жуумайынча эч нерсени кармабаш керек.

"Үстүнкү кийимиңизди жууш керек же кире бериштеги илгичке илип коюу керек. Андан кийин душка түшүү керек же дененин ачык жерлерин жууп чыгуу зарыл. Үй жаныбарыңыз болуп, итиңиз менен сыртта сейилдеп келсеңиз, анын тамандарын жууш керек. Ачкыч жана капчыкты өзүнчө текчеге же кутуга коюӊуз. Телефон, көз айнектериңизди дезинфекциялоо зарыл", - деди ал.

Ошондой эле ал жарандарды гигиена эрежелерин сактоого чакырды.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда дагы 2 эки адамда коронавирус аныкталды: бирөөсү Бишкек шаарында, экинчиси Москва району (Чүй облусу).

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44кө жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Москва районунда – 1 жана Бишкек шаарында – 3 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий