• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ош: Ачы массивинде контейнерде жашап жаткан тургундардын көйгөйү чечилди

Аймак 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ачы массивинде контейнерлерде жашап жаткан тургундардан кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун башчысы октябрь айында берилген тапшырмаларынын аткарылышын көзөмөлдөп, азыркы учурда жашап жаткан 4 үй-бүлөгө азык-түлүк үчүн 10 миң сомдон тапшырды.

“Ачы массивинде 8 үй-бүлө оор абалда контейнерлерде жашап жатабыз деп кайрылышкан. Мен октябрь айынын башында аталган тургундардын көйгөйүн жеринен көрүүгө барганда негизги көйгөйү катары электр энергиясын тартып берүүнү суранган. Ошондуктан Ачыда жашап жаткан тургундарга ун, көмүр менен камсыз кылууну жана бир ай ичинде электр энергиясын тартуу иштерин жүргүзүүнү тапшырма бердим эле. Бүгүн мен берген тапшырма аткарылганына күбө болдум. Мындан кийин да бул жерде жашап жаткан 8 үй-бүлөдөн кабар алып турабыз. Алдыда турак-жай менен камсыз кылуу иштерин аткарууга аракет кылабыз”, - деди Зиядин Жамалдинов

Белгилей кетсек, буга чейин Зиядин Жамалдинов Ачы массивинде контейнерлерде жашап жаткан тургундардын жашоосу менен жеринде таанышып, көйгөйлөрүн угуп келген. Контейнерде жашап жаткан тургундар облус башчысынан электр энергиясын тартып берүүнү суранган. Ош облусунун башчысы аталган тургундардын көйгөйүн бир ай ичинде чечип берүүнү убада кылган.

Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасы менен 2021-жылдын 15-октябрына чейин ар бир үй-бүлөгө ун, 8 тонна көмүр жеткирилген болчу. Ошондой эле Ачы массивинде 8 үй-бүлө убактылуу жашап жаткан контейнерлерге электр энергиясы тартылды.

Маалымат үчүн: Июнь окуясынан жабыркаган 8 үй-бүлө 2020-жылга чейин Төлөйкөн айылында убактылуу күн кечирип келишкен. Аталган тургундар 2020-жылдан бери Ачы массивинде ӨКМ тарабынан коюлган убактылуу үйлөрдө жашап жатышат. Алар үчүн 2013-жылы Ачы массивинен ар бирине 6 сотыхтен жер бөлүнүп берилип, бирок электр энергия сыяктуу көйгөйлөрү чечилбей келген.

Пикир

Оставить комментарий