• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ачык аянттарда жана таштандыларда чыккан өрттүн саны 69% көбөйдү

Коом 0

Бишкек. 18.03.19 /Кабар/. Ушул жылдын 1-январынан тарта бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 225 өрт катталса, анын 106 ачык аянттардагы кургак чөп жана таштандылардан болгон. Бул тууралуу Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысы майор Равшанбек Аширбеков билдирди.

Анын айтымында, өткөн жалга салыштырмалуу ачык аянттарда жана таштандыларда чыккан өрттүн саны 32 ни түзүп, 69,8% көбөйгөн.

"Өрттүн себептери көбүнчө азыр жарандар тарабынан короо-жайларды жана эгин талааларды тазалоодо отко этиятсыздык мамиледен чыгууда", - деди Аширбеков.

ӨКМ жаз мезгилиндеги ачык аянттагы өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн төмөнкү өрт коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет:

  • тамекинин калдыктарын жана ширенкелерди таштабагыла;
  • өрткө кооптуу учурда кароосуз от жакпагыла жана калдыктарды (таштандыларды) өрттөбөгүлө;
  • токой, тоо шарттарында эс алуу учурунда өрт коопсуздук эрежелерин сактаңыз, тамекини таштабагыла, чокторду өчүрүп кетиңиздер;
  • айнектин сыныктарын жана бөтөлкөлөрдү калтырбагыла, себеп дегенде күндүн нурлары менен чагылышып, өрттүн булагы болушу мүмкүн.

Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактоо менен сиз өзүнүздүн турак-жайынызды, мүлкүнүздү, жана адамдардын жаракат алуусун, каза болуусун алдын аласыз. Чукул кырдаал жаралса, 112 жана 101 номуруна чалыңыз, чалуу акысыз.

Пикир

Оставить комментарий