• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ачык-айкын сот системасы жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу – Жээнбеков 2023-жылга чейинки пландар тууралуу

Президент 0

Бишкек, 01.11.18. / Кабар/. Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясы 2040 (ТӨУС) кабыл алынды, азыр кадрдык, мыйзам, каржылык жана башкаруучулук маселелерди чечүү калды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков донордук уюмдар менен жолукканда билдирди.

Мамлекет башчы даана аныктык болбой туруп, каржылоонун өлчөмүн, ошондой эле кандай стратегия болбосун аны ишке ашыруунун ички жана сырткы булактарын аныктоого болбой турганын белгиледи.

“ТӨУС 2040 бир нече кыска мөөнөттүү мезгилдерден турган стратегия баскыч-баскыч менен өтөрүн аныктайт. Стратегияда биринчи баскыч катары 2023-жылга чейинки өнүгүү артыкчылыктары өзүнчө белгиленген”, - деди президент.

Жээнбеков Стратегиянын биринчи баскычы үчүн бардык маселелер даана аныкталганын да кошумчалады.

Мисалга, президенттин айтымында башкы милдеттердин бири адилеттүү сот системасын орнотуу болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий