• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ачык өкмөт форумунун ишинин ачыктык жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатуу зарыл – Өмүрбекова

Өкмөт 0

Бишкек. 20.05.19 /Кабар/. Ачык Өкмөт Улуттук форумунун ишинин ачыктык жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатуу боюнча натыйжалуу көрсөткүчтөргө жетишүү зарыл. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Ачык Өкмөт Улуттук форумунун 6-жыйынында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Улуттук форумдун 5-жыйынынын Протоколун аткаруу, 2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасында Ачык Өкмөт куруу боюнча Иш-аракеттердин улуттук планында каралган милдеттемелерди жана иш-чараларды ишке ашыруунун жана жарым жылда аткарылган иштер жөнүндө отчет даярдоонун жүрүшү тууралуу маселелер каралды.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, Иш-аракеттердин улуттук планы бекитилгенден бери 7 ай өтүп, жыйынтыгы боюнча оң жана терс натыйжаларды белгилөөгө болот.

«Ачык Өкмөт принциптерин киргизүү боюнча Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы активдүү иштерди жүргүзүүдө. Жакшы натыйжалары аркылуу аталган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү 29-31-майда Канадада өтө турган Ачык Өкмөт Глобалдык Саммитине катышышат. Мындан тышкары Глобалдык Саммитке катышуу үчүн белгиленген органдарга иш-чараларды ишке ашырууда активдүү көмөк көрсөткөн милдеттемелердин демилгечилер – жарандык коомдун өкүлдөрү дайындалышты», - деп билдирди ал.

«Айрым мамлекеттик органдарда Ачык Өкмөт Улуттук форумунун 5-жыйынынын Протоколун аткаруу боюнча белгилүү бир кемчилдиктер бар. Отчеттуулукту электрондук түргө өткөрүү боюнча мамлекеттик органдар үчүн тренинг өткөрүлгөнүнө карабастан, бүгүнкү күнү электрондук модуль айрым мамлекеттик органдарда киргизиле элек», –деп белгиледи вице-премьер-министр.

«Жогоруда аталган Планды тиешелүү түрдө аткаруу максатында жарандык коомдун жана түздөн-түз ишке ашыруу менен алектенген мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн өз ара тыгыз аракеттешүүсүн камсыздоо зарыл. Биз Улуттук форумдун ишинин ачыктык жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатуу боюнча натыйжалуу көрсөткүчтөргө жетишүүгө тийишпиз», - деп кошумчалады ал.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жетекчилерине эки жумалык мөөнөттө Иш-аракеттердин улуттук планында каралган милдеттемелерди жана иш-чараларды аткаруу боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүү жана тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.

Маалымдама: «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү (OGP)- өкмөттөрдүн ачыктыкты, жарандардын укуктарын жана мүмкүндүктөрүн кеңейтүүнү, коррупция менен күрөштү жана башкарууну күчөтүү үчүн жаңы технологияларды колдонууну камсыздоо боюнча милдеттемелерин ишке ашырууга багытталган көп тараптуу демилге.

Кыргыз Республикасы Өнөктөштүккө 2017-жылы өткөн, ал эми 2018-жылы аткарууга 19 милдеттемени кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий