• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ачык өкмөт сапаттуу экономикалык саясат үчүн сапаттуу маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт – Аскаров

Өкмөт 0

Бишкек. 21.05.19 /Кабар/. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Сапаттуу экономикалык саясат үчүн сапаттуу маалыматтар» конференциясынын ишине катышты. Аскаров иш-чараны ачып жатып белгилегендей, Кыргыз Республикасы «Ачык Өкмөт» өнөктөштүгүнө мүчө катары маалыматтардын ачыктыгы маселесине жоопкерчилик менен мамиле кылат.

«Маалыматтар анык, так, өз убагында жана актуалдуу гана эмес, ар түрдүү болуп, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн суроо-талабын канааттандырууга тийиш. Белгилей кетсем, демократиялык коомдо маалыматтарга мамлекеттик монополия болбойт. Өнүгүү процессине бардыгы – мамлекеттер, активдүү жарандык коом институттары, массалык маалымат каражаттары, бизнестик ишкер чөйрө, эксперттик коомчулук жана кызматташтык өлкөлөрүнүн потенциалдуу өнөктөштөрү тартылган. Дал ушинтип коомду өнүктүрүүгө мамлекет гана эмес, бардык жарандар тартылат», - деди Замирбек Аскаров.

Вице-премьер-министр эске салгандай, «Ачык Өкмөт» өнөктөштүгүнүн алкагында кабыл алынган милдеттемелерди ишке ашыруу максатында 2018-жылдын 16-октябрында 2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасында Ачык Өкмөт куруу боюнча Иш-аракеттердин улуттук планы бекитилген.

«Бүгүн биз ачык статистикалык маалыматтардан баштайбыз. Статистикалык маалыматтардын чөйрөсү жана статистикалык иштердин саны бирдей өсүп жатат. Бул убакыттын талабы. Сапаттуу, анык жана ишенимдүү статистикалык маалыматтарды өз убагында алуу мамлекеттик саясатты натыйжалуу калыптандыруунун негизги шарты болуп саналат. Сиздер билгендей, санариптештирүү саясаты аркылуу биз маалыматтарды жүгүртүүнү тездетип, алардын Кыргыз Республикасынын ар бир аймагында жеткиликтүүлүгүн камсыздоого ниеттенүүдөбүз. Ал гана эмес биз жаштарды мектеп жашынан баштап тарбиялап, алардын технологияга кызыгуусун калыптандырып жатабыз. Учурда өлкөнүн бардык мектептерин интернетке кошуп жатканыбыз жалпыга белгилүү», - деди вице-премьер-министр.

Жыйынтыгында Замирбек Аскаров белгилегендей, Кыргыз Республикасы мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында маалыматтык технологияларды киргизүүгө, адамдык факторду жана өлкөнүн мамлекеттик органдарында коррупцияны кыскартууга өзгөчө маани берет.

Пикир

Оставить комментарий