• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ачык Өкмөт Улуттук форумунун биринчи жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 30.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 30-июнда, өзү тең төрайым болгон Ачык Өкмөт Улуттук форумунун биринчи жыйынына катышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Жарандык коом менен биргелешкен күч-аракеттерибиз аркылуу биз бардыгын кызыктырган актуалдуу маселелерди иштеп чыгабыз жана үстүбүздөгү жылдын июлунда Грузияда өлкөнүн Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда өтүүчү «Ачык Өкмөт» Саммитинде Кыргыз Республикасын татыктуу көрсөтөбүз деп ишенем», - деп белгиледи Алтынай Өмүрбекова.

Мындан тышкары, вице-премьер-министр өлкө «Ачык Өкмөт» демилгесине кошулганга чейин мамлекеттик башкаруунун ачыктыгы принциптерин өркүндөтүү, мамлекеттик башкарууга жарандык секторду тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын жетиштүү тажрыйбасы болгонуна басым жасады.

«Учурда биздин алдыбызда Грузиядагы Саммитте сунушталуучу эки жылдык аракеттердин Улуттук планын түзүү милдети турат. Ошондуктан бүгүнкү Форумдун катышуучулары сунуштаган демилгелер маанилүү роль ойнойт. Бардык демилгелер аткарылышын, бюджет менен бекитилишин жана ырааттуу болушун каалайбыз. Муну менен бирге ар бир демилге бул жерде отургандардын бардыгынын жоопкерчилиги менен бекитилиши зарыл», - деп ырастады Алтынай Өмүрбекова.

Жыйындын жүрүшүндө Форумдун катышуучулары тарабынан белгиленгендей, «Ачык Өкмөт» жарандык коом менен диалогду жөнгө салууга, ачык-айкын жана отчеттуу мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түзүүгө жардам берет.

Талкуулардын жыйынтыгы боюнча Форумдун мүчөлөрү сунуштарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Ачык Өкмөтүнүн Улуттук форуму жөнүндө жобонун долбоорун негиз катары кабыл алууну чечишти. Андан соң аракеттердин Улуттук планы Форумдун мүчөлөрүнүн көпчүлүгү тарабынан жактырылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого жана бекитүүгө киргизилиши керек.

Маалымат үчүн: Өкмөттүн өкүлү жана Форумдун жарандык коомдон мүчөсү Форумдун тең төрагалары болушат. Форумдун тең төрагалары аракеттердин Улуттук планынын мөөнөтүнөн ашык эмес мөөнөткө дайындалат жана шайланат.

Кыргыз Республикасы 70ге жакын өлкө кирген Ачык өкмөт өнөктөштүк глобалдык демилгесине 2017-жылдын ноябрында кирген.

Пикир

Оставить комментарий