• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Адабият жана искусство жаатындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүгө чыгармачылык эмгектерди кабыл алуу жарыяланат

Коом 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. КРнын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына көрсөтүүгө чыгармачылык эмгектерди кабыл алуу жарыяланат. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын чыгармачылык бирликтери чыгармачылык эмгектерди кабыл алуу башталгандыгы тууралуу жарыяланган учурдан тартып 2021-жылдын 10-декабры, саат 17:00гө чейинки мөөнөттө көркөм сүрөт искусствосу, музыка, театр искусствосу, кино искусствосу, драматургия, адабият (поэзия, проза) жаатындагы чыгармачылык эмгектерди кабыл алат.

Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комиссия 2021-жылдын 10-декабры, саат 10.00дөн тартып 20-декабры, саат 17:00гө чейинки мөөнөттө көркөм сүрөт искусствосу, музыка, театр искусствосу, кино искусствосу, драматургия жаатындагы, ошондой эле 2021-жылдын 10-декабры, саат 10.00дөн тартып, 30-декабры, саат 17:00гө чейинки мөөнөттө адабият (поэзия, проза) жаатындагы чыгармачылык эмгектерди кабыл алат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, ошондой эле КРнын чыгармачылык бирликтери Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу үчүн чыгармачылык эмгектерди берүүгө укуктуу.

Кароого 2016-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде жарыяланган чыгармачылык эмгектер кабыл алынат.

Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүгө кабыл алынбайт:

— чыгармалардын жыйнактары;

— тиражы көрсөтүлбөгөн же 1000 (бир миң) нускадан аз жалпы тираж менен басылып чыккан, окулушу оор майда шрифт жана саптардын ортосундагы тыгыз интервал менен басылган адабий чыгармалар;

— изилдөө жана маалыматтык мүнөздөгү эмгектер;

— концерттик-аткаруучулук программалар, театрлаштырылган оюн-зооктор жана юбилейлик коюулар.

Чыгармачылык эмгектер Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комиссияга Бишкек ш., Абдумомунов көч., 207 дареги боюнча берилет, маалымат үчүн телефондор: 0 (312) 96 21 46, 0 (312) 96 21 47, email: premiatoktogul@gmail.com.

Берилген материалдар Комиссия тарабынан кайтарылбайт.

Пикир

Оставить комментарий