• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Адабият жана искусство жаатында Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык жөнүндө Жобо бекитилди

Президент 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы жөнүндө Жобо бекитилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жобо боюнча, Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы Кыргызстандын көп улуттуу маданиятын байыткан, эстетикалык жана тарбиялык чоң таасири бар жана кеңири коомдук таанууга ээ болгон адабият жана искусство (поэзия, проза, драматургия, музыка, кино, архитектура жана скульптура, театр жана көркөм сүрөт искусствосу, радио жана телечыгармалар) жаатындагы көрүнүктүү чыгармалары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына берилет.

Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана чыгармачылык бирликтери Мамлекеттик сыйлыкты ыйгарууга чыгармачылык эмгектерди көрсөтүүгө укуктуу.

Пикир

Оставить комментарий