• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Адам эмдөөдөн улам COVID-19 менен оорубайт – Асыкбекова

COVID - 19 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Адам вакцинадан улам COVID-19 менен ооруп калбайт. Бул тууралуу брифинг учурунда Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекова билдирди.

Ал белгилегендей, эмдөө жасалма түрдө ооруга, анын ичинде COVID-19га каршы иммунитеттин пайда болушун камсыздайт. “Башкача айтканда, эмдөө алгандан кийин адам инфекцияга каршы туруу мүмкүнчүлүгүн бекемдейт. Вакцина адамдын организмине киргенден кийин иммундук клеткаларга коркунуч катары таанылып, коронавирус оорусу учурунда пайда болгон бардык реакцияларды туурайт”,-деди ал.

Иммунолог эмдөө – иммунитетти түзүүнун коопсуз ыкмасы экенин белгиледи. Анткени вакцинанын курамында виустун тирүү бөлүктөру жок, адам эмдөөдөн улам COVID-19 менен ооруп калбайт. Эмдөө инфекция жугузуп алуу коркунучун азайтып, анын жайылуусун алдын алат.

Ал белгилегендей, терс таасирлердин коркунучу COVID-19дун өзүнө салыштырмалуу кыйла аз.

Пикир

Оставить комментарий