• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Адам канчалык ылдам басса, ошончолук өмүрү узун болот. Адистердин изилдөөсү

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. Япониялык геронтология илиминин адистери 70 жашта жаш курактагыдай ылдам баскандар 80 жашка чейин жашаарына 100% мүмкүнчүлүк бар экендигин аныкташкан. Бул тууралуу япониялык адистердин билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Япон окумуштуулары 1997-жылдан бери 60-80 жаш курагындагы адамдардын басуу ылдамдыгын изилдеп келишкен. Изилдөөнүн жыйынтыгында, 70 жаштагылар секундасына 1,5 метрди басып өтсө, анда узак жашагандардын катарын толуктаарын аныкташкан.

Эгер ошол эле куракта басуу темпи секундасына 1,5 метрге жетпесе, анда адам дагы 10 жыл жашайт. Алар изилдөөнүн 15-35%ын түздү. Аталган тажрыйбада эркектердин көрсөткүчү аялдарга караганда төмөн болгон.

"Күнүмдүк турмушта адам канчалык ылдамыраак басса, ошончолук өмүрү узун болот", - дейт доктор Хидэнори Арай.

Буга чейин, Макмастер (Канада) университетинин окумуштуулары жөө жүрүү адамдын өмүрүн узартаарын айтышкан.

Пикир

Оставить комментарий