• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Адам колу сынса таңа алат, бирок жүрөгү сынса таңа албайт экен - "Жүрөгүм сынды, таңа албайм" китебинин автору

Маданият 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Бүгүн "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында КР маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, акын Атантай Акбаров Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан басылып чыккан "Жүрөгүм сынды, таңа албайм" аттуу китеби тууралуу айтып берди.

"Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы комиссия тарабынан тандап алынып, "Жүрөгүм сынды, таңа албайм" деген китебим жарыкка чыкты. Мындай карасаң адамдын колу сынса таңа алат. Бирок жүрөгү сынса, таңа албайт экен. Китеп - адамдын ички дүйнөсүнүн сырлары тууралуу. "Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгү аркылуу өтөт" демекчи анда коомдогу ар кандай көйгөйлүү маселелер да чагылдырылган", - деди ал.

Анын айтымында, ыр жазуу оңой-олтоң иштерден эмес.

"Ыр жазуу айтууга оңой болгону менен оор иш. Акындар үчүн ар бир ырды жазуу өзүнчө планета ачкан сыяктуу маселе", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий