• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарында тараптардын жарашууга келүү учурлары жоюлат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.11.17 /Кабар/. Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган маселе боюнча Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Искендер Матраимов баяндама жасады.

Мыйзам долбоору жол-транспорттук кырсыктарды кыскартуу, адамдын өлүмүнө алып келген жол кырсыктарында тараптардын жарашууга келүү учурларын жоюу, ошондой эле судьялар тарабынан жазык жазасын дайындоодо коррупцияны жок кылуу максатында иштелип чыккан. Кылмыш-жаза кодексинин 281, 284 жана 285-статьяларынын санкциялары катаалдаштырылууда.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий