• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Адам өмүрү баарынан кымбат! ӨКМ жаан-чачындуу аба ырайына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды

Коом 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакынкы күндөрү өлкө аймагында күтүлүп жаткан аан-чачындуу аба ырайына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылып, адам өмүрү баарынна кымбат экендигин эскертти.

Ведомствонун маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын май айынын алгачкы күндөрү өлкө аймагында жаз-жай мезгилине мүнөздүү болгон катуу жаан-чачын өзгөчө кырдаалдарды жаратты. Республиканын айрым аймактарында кыска мөөнөттө нөөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен селдер жүрүп, жер көчкүлөрдүн активдешкен учурлары катталды.

Жыйынтыгында Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын инфраструктурасы ири материалдык чыгымга учурады: ички каттамдын жолдорун, эгин талааларды сел каптап, эки миңден ашык турак үйдүн короо сарайларын суу каптаган.

Ушундай эле кырдаал жакынкы күндөрү өлкө аймагында күтүлүүдө. ӨКМдин Гидрометеорологиялык кызматынын билдирүүсүнө ылайык, өлкө аймагында 13-майда күндүз жана 14-15-май күндөрү нөшөрлөгөн жамгыр жаашы күтүлүп жатат. Катуу жааган жаан-чачындан улам дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел каптоо коркунучу күтүлүүдө.

Кооптуулуктуктун алдын алуу максатында райондордо, айылдарда сел агуучу каналдарды жана арыктарды тазалоо иштерин улантуу зарыл. Селдин алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик жана Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

Учурда өзгөрө турган жаратылыш кубулуштарына байланыштуу берилип жаткан ӨКМдин ар бир маалыматына көңүл буруу менен мамиле кылуу сынышталат. Маалыматтарга ылайык сел коркунучунун алдын алуу керек. Анткени сиздин жана сиздин жакындарыңыздын өмүрү баарынан кымбат. ӨКМ зарылчылык болбосо алыскы жолго чыгуудан карманып турууну сунуштайт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды өзгөчө кырдаал кооптуулугу жаралган мезгилде сак болууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий