• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Адам өмүрү баарынан кымбат! Жалал-Абад милициясы жол кырсыктарына байланыштуу ролик даярдады

Аймак 0


Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү (ЖКККБ) тарабынан атайын видеоролик даярдалды. Анда жол кырсыгы катталган учурда камерага түшүп калган кадрлар да бар.

Жалал-Абад облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдиргендей, видеороликтин максаты жарандардын өмүрүн сактоо болуп саналат. Айдоочулар өз өмүрүнөн сырткары жанында бараткан жарандарды да ойлоп, жол эрежелерин бардык жерде так сактоо зарылдыгы белгиленет.

Эске салсак, Жалал-Абад облустук ЖКККБ тарабынан буга чейин да бир катар видеороликтер даярдалып, жол кырсыктарына бөгөт коюу максатында коомчулукка таратылып келген.

Пикир

Оставить комментарий