• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Адам өмүрүн алган шахтадагы авария. Президент Жапаров Владимир Путинге көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 25.11.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге Россиянын Кемерово облусундагы «Листвяжная» шахтасында болгон кырсыктын кесепетинен шахтерлордун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Россия Федерациясынын Кемерово облусундагы «Листвяжная» шахтасында болгон авариянын натыйжасында шахтерлордун каза болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды терең өкүнүч менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бул кырсыктан жапа чеккендердин бардыгынын тезирээк сакайып кетишин каалайм», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий