• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Адам өмүрүн сактап калган куткаруучулар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 04.07.18. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү адам өмүрүн сактап калган куткаруучуларды сыйлады. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн Халмион айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын капитаны Нурланбек Бегалиевди 1-июлда сууда агып бара жаткан өспүрүм кызды куткаргандыгы үчүн “Баткен облусуна 15 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланды.

Андан сырткары ушундай эле сыйлык КР ӨКМдин үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын экинчи мобилдик-куткаруу тобунун куткаруучу, айдоо боюнча нускоочусу Баяман Сагынбековко ыйгарылган.

Ал 2018-жылдын 28-июнунда Баткен шаарындагы Батырканов каналында агып бара жаткан 25 жаштагы жигиттин өмүрүн сактап калган.

.

Пикир

Оставить комментарий