• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Адам өмүрүн сактап калган милиция кызматкерлерине Бишкектин мэри ыраазычылык билдирди

Коом 0

Бишкек, 06.10.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов өспүрүмдүн өмүрүн сактап калган эки милиция кызматкерине ыраазычылык кат ыйгарды.

Андан тышкары калаа башчы милиция кызматерлерине материалдык жардам көрсөтүп, Төлөн Кожокматов менен Байыш Эшбергеновго 20 миң соомдон тапшырды.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 3-октябрында болжол менен саат 21:40 чамасында Л.Толстой көчөсүндөгү көпүрөдөн саат чамасында өспүрүм өз өмүрүнө кол салууга аракет кылгандыгы тууралуу милицияга кабар түшкөн. Жерине келген милиция кызматкерлери 16 жаштагы Нурзаданын өмүрүн сактап калышкан.

Пикир

Оставить комментарий