• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Адам сатуу” эмгек мигранттары үчүн негизги көйгөйлөрдүн бири – Мамлекеттик миграция кызматы

Коом 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Кыргызстан үчүн жана эмгек миграциясына чыккан жарандар үчүн негизги көйгөйлөрдүн бири болуп адам сатуу эсептелет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов билдирди.

Ал жогоруда айтылгандарга байланыштуу алардын мекемеси адамды сатууга жол берөө боюнча профилактикалык чараларды иштеп чыга баштаганын айтты.

“Москвада кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу боюнча бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, аткарыла турган тапшырмалар берилген. Ошондой эле чет өлкөдөгү кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен тыгыз өз ара иштешүүнү чечтик. Алардын көпчүлүгү бүгүнкү күндө кыргыз миграциялык кызматынын Россиядагы коомдук өкүлү болуп дайындалган”, - деп билдирип, Мамлекеттик миграция кызматы бул тажрыйбаны улантып, башка өлкөлөргө да ушундай тажрыйбаны киргизүүнү көздөп жатканын айтты.

2013-2016-жылдары “Адам сатуу” беренеси боюнча козголгон 50 кылмыш иши каралган. 15 жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Былтыр 8 кылмыш иши козголуп, бир адам күнөөлүү деп табылып, 8 жылга соттолгон. Быйыл - бир адам.

Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда “Адам сатууга каршы 100 күн” кампаниясы старт алды.

Пикир

Оставить комментарий