• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Адам сатууга каршы күрөшүү жана анын алдын алуу мамлекеттик миграциялык саясаттын негизги багыты - Ч.Султанбекова

Өкмөт 0

Бишкек, 12-май /Кабар/. Адам сатууга каршы күрөшүү жана анын алдын алуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик миграциялык саясатынын негизги багыттарынын бири болуп саналат. Бул тууралуу 11-майда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова миграция боюнча координациялык кеңештин экинчи жыйынында билдиргендигин өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев негизги максаты мындан ары бардык мамлекеттик органдар менен жарандык коом адам сатууга каршы биргеликте иш алып баруу болгон, 2017-2020-жылдарга адам сатууга каршы күрөшүү Программасын сунуштады. Программа Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-2016-жылдарга адам сатууга каршы күрөшүү программасын ишке ашырууда келип чыккан көйгөйлөрдү эске алуу менен иштелип чыккан.

«Мыйзамсыз миграция жана адам сатуу азыркы дүйнөдө адам баласынын негизги көйгөйү болуп саналат. Биз дароо адамдарды сатуу курмандыктарынын укуктарын уюшкан кылмыштуулукка каршы жана коргоо менен күрөшүүгө багытталган программаларды ишке ашыруу боюнча маселелерди аныктап алуубуз зарыл. Биздин негизги милдет бул багытта ачык-айкын жана калыс мамлекеттик саясатты ишке ашыруу болуп саналат», – деди вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-2016-жылдарга адам сатууга каршы күрөшүү программасын аткаруудагы иликтөөлөр, негизги жыйынтыктары жана аны ишке ашырууда келип көйгөйлөр талкууланды.

Белгилей кетсек, 2015-жылдын июль айында БУУ Башкармалыгынын демилгеси жана баңгизат жана кылмыштуулук боюнча Европа комиссиясы менен биргеликте, мигранттарды мыйзамсыз ташуу жана адам сатууга каршы күрөшүү боюнча глобалдуу программа ишке кирген. Кыргыз Республикасы аталган долбоор ишке ашырыла турган аймак катары тандалып алынган.

Жыйындын соңунда миграция боюнча мамлекеттик кызматына кыска убакыт аралыгында министрликтерден, ведомстволордон жана эл аралык уюмдардан келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен 2017-2020-жылдарга адам сатууга каршы күрөшүү программасын аягына чыгаруу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий