• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Адам сатууга каршы! Ошто ири веложарыш болот

Спорт 0

Бишкек, 11.07.18. /Кабар/. Ош шаарында 12-июлда “Биргеликте адам сатууга каршы” ураанынын алдында веложарыш болот. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер тапшырылат, ал эми веложарыштын мыктылары келген конокторго өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Спорттук иш-чараны Ош шаардык мэриясы, Дене тарбия жна спорт иштери боюнча шаардык комитети, “ISEDA” коомдук фонду биргеликте уюштурууда.

Иш-чара 30-июлда белгилене турган адам сатууга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий