• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Адам укуктарынын күнүнө карата АКШ Мамлекеттик департаменти билдирүү жасады

Дүйнө 0

Бишкек, 11.12.17 /Кабар/. АКШнын Мамлекеттик департаменти Адам укуктарынын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата билдирүү жасады. 69 жыл мурда, 10-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алган.

Бул эл аралык документ бардык адамдардын тең жана тартып алынбас укуктарын, адамдык кадырын сыйлоого көмөктөшүүгө багытталган. Декларацияда адам укуктарын сыйлоо – бул эркиндиктин, адилеттүүлүктүн жана тынчтыктын негизи экени жазылган.

«Түрдүү жаңжалдардан качып башка өлкөлөргө барууга мажбур болгон, бийлик репрессиясына каршы күрөшкөн же башкалардын пайдасы үчүн эксплуатацияланып жаткан адамдар үчүн Адам укуктарынын жалпы декларациясы бир аз да болсо үмүт берип келет. Вашингтон адам укуктары менен демократияны Кошмо Штаттардын сырткы саясатындагы приоритет катары эсептейт», — деп айтылат мекеменин сайтына жарыяланган билдирүүдө.

Анда АКШ Адам укуктарынын бүткүл дүйнөлүк күнүн белгилөө менен демократиянын жана адам укуктарын коргоонун негизги баалуулуктарын жактай тургандыгын көрсөтүп жатканы белгиленген. «Кошмо Штаттар бардык өлкөлөрдү Адам укуктары боюнча декларацияда көрсөтүлгөн жоболорду сактоого жана аларды бардыгына бирдей колдонууга чакырат. Эгер ар бир адам өз мүмкүнчүлүктөрүн толук көрсөтүп, ар бир мамлекет катаалдыктан эркин болсо, анда дүйнө коопсузураак болот» деп жазылган билдирүүдө.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий