• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Адамдар жол кырсыгынан согуш майданындагыдай каза болуп жатышат – патрульдук милиция жол кырсыгына байланыштуу ролик тартты

Коом 0

Бишкек, 11.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. ИИМдин Патрулдук милиция Башкы башкармалыгынын кызматкерлери өлкөдө коомдук унаалардын катышуусу менен болгон жол кырсыктары тууралуу видео ролик тартышты.
Видеодо маалымдалгандай, 2017-жылда коомдук унаалардын катышуусу менен 308 жол кырсыгы катталган, анда 501 адам жабыркаса 34ү каза болгон.
ИИМ ПМББнын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси Мирлан Бокоев роликте жарандарга кайрылып, жол эрежелерин бузбоого чакырат.
“Адамдар согуш майданындагыдай каза болуп жатышат, жолдордо башаламандык уюштурган айдоочуларга чекит коюп, айыпты жогорулатууга убакыт келди. Өлкөнүн бардык аймактарында абал начар. Биздин максат – жол кырсыгынын санын кыскартып, жолдогу коопсуздукту камсыз кылуу менен бирге анын алдын алуу”-,деди Бокоев.

Пикир

Оставить комментарий