• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Адамдарды Сириядагы согушка азгырууга шектелген жаран кармалды

Коом 0

Бишкек. 04.04.19 /Кабар/. Адамдарды эл аралык террордук топтордун катарына азгыруу каналдарын аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө 24 жаштагы жаран кармалып, Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кармалган адам чет өлкөдө иштеп жүргөндө Кыргызстандын 1996-жылы туулган дагы бир жараны менен тыгыз байланышта болгон. Ал жаран былтыр декабрда УКМК кызматкерлери тарабынан эл аралык террордук топтун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар деген шек менен кармалган.

«Соттолуучунун көрсөтмөсүнө ылайык, чет өлкөдө жүргөндө ал кармалган адамдын Түркияга, андан ары согуш жүрүп жаткан Сириянын аймагына өтүүсүнө жардам берген жана террордук топтун ишмердүүлүгүн каржылоо максатында ага акча жөнөтүп турган», - деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Бул факты боюнча «Адамдарды террордук топтордун катарына азгыруу», «Террордук топторду каржылоо» жана «Жалданма согушкерлерди даярдоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий