• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Адамды кофеден кем эмес сергиткен 7 азык

Дүр дүйнө 0

Тамактануу боюнча белгилүү адис Либби Уивер арыктоо, стресстен арылуу үчүн кофеден баш тартууну сунуштайт. Айрым адамдар кофеге ушунча байланып калган дейсиз, эч бир таңын бул сергитүүчү ичимдиксиз элестете албайт жана анын ордун эч нерсе алмаштыра албастыгына ишенишет. Бирок изилдөөчүлөр адамды кофеден кем эмес сергите алган азыктарды аныкташкан.

Шоколад

Кофеге мыкты альтернатива – ачуу шоколад. Какао мээнин ишин активдештирип, бир нече саатка күч берген витаминдерди жана минералдарды камтыйт. Андан тышкары шоколад канга серотонин аталышындагы “бактылуулук гормонун” кошуп коёт. Андыктан эртең мененки тамактанууңузга шоколаддын бир нече үзүмүн кошуп койсоңуз ашыктык кылбайт. Бирок шоколадда канттын өлчөмү көп экендигин эске алып, ачкарын жебешиңиз керек.

Йогурт

Кофенин ордуна пайдасы көбүрөөк жана даамдуу йогурт ичүүнү адатка айландырыңыз. Анда энергиянын табигый булагы – магний бар. Башкысы, ар кандай кошулмалары бар йогурттарда көп өлчөмдөгү кумшекер жана консервант бар экендигин унутпашыңыз керек.

Жаңгактар

Жаңгактар, өзгөчө бадам В тобунун витаминдерине жана магнийге бай. Аны жегенде адам энергияга жана күчкө толуп калат. Бирок бул калориялуу азык болгондуктан, күнүнө 30 граммдан ашык өлчөмдө жебешиңиз керек.

Жемиштер

Жаңы жер жемиштер мээнин жана нерв системасынын иштешине таасирин тийгизген, адамды энергияга толтуруп, жемиштүү иштешине шарт түзгөн антиоксиданттарды камтыйт. Жайдан башка мезгилдерде күн сайын жемиштерди жеп туруу кымбатка туруп калат. Андыктан эртең менен карагат жеп турсаңыз жетиштүү болот.

Жумуртка

Жумуртка кофенин эң мыкты альтернативасы болуп саналат. Ал витаминдерге, протеинге жана минералдарга бай болгондуктан, эртең менен адамга керектүү болгон энергияны бере алат.

Алма

Алмада организмди сергитүүгө жардам берген табигый стимулятор – фруктоза бар. Бир алманын таасири эки саатка гана жетерин эсиңизден чыгарбаңыз.

Эт

Эт дагы эртең менен сергек болууга жардам берери оюңузга келбесе керек? Этте көп өлчөмдөгү протеин бар болгондуктан, адамдын организми аны кабыл алганда энергияны активдүү иштеп чыгара баштайт. Эттүү тамак жеген соң ишмердүүлүгүңүз артат.

Пикир

Оставить комментарий