• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Адамдын электрондук кол тамгасын жасоо үчүн эки жыл жана дүйнөнүн баардык компьютерлери керектелет - Буржуев

Коом 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Адамдын электрондук кол тамгасын жасоо үчүн эки жыл убакыт жана дүйнөнүн баардык компьютерлери керектелет. Бул тууралуу “Электрондук кызматташуу борбору” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Азамат Буржуев мамлекеттик органдардын жетекчилеринин “Түндүк” мекемелер араалык электрондук кызматташуу системасы аркылуу электрондук башкаруу” аттуу семинарында билдирди.

Ал электрондук кол тамганы жасалмалоо дээрлик мүмкүн эместигин белгиледи.

Электрондук кол тамга “Түндүктүн” алкагындагы документ иштетүүнү автоматташтыруу системасында киргизилген.

Мындан тышкары Буржуев жаңы ID күбөлүктөрдө электрондук кол тамга колдонулуп, ал чипте сакталарын айтты. Ошондой эле бул ыкма кол тамганы жасалмалоодон сактайт.

Пикир

Оставить комментарий