• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Адамдын кофе ичкенине жараша мүнөзүн аныктоого болот

Дүр дүйнө 0

Сиз кофени кандай ичесиз? Француз психологдору Жозеф жана Каролин Мессинжер кофе ичкен адам өзү тууралуу көп нерсени билдире аларын айтышат.

Сиз жана сиздин таанышыңыздын кофе (сыра, чай же башка ичимдиктерди) ичүү манерасы анын убакытты кандай башкара аларын көрсөтүп берет. Так классификасия жок, бардыгы кыйла индивидуалдуу. Бирок айрым негизги белгилер боюнча жалпы жыйынтыктарды чыгарууга болот.

Чечкинсиз: сиз кофени аз-аздан ууртап, чашканын түбүнө тигилип каласыз.

Балким, сиз фаталистсиз. Тагыраагы, тагдырга ишенүү менен адам бул жашоодо эч нерсени өзгөртө албайт, баары анын тагдырына жазылган деген көз карашты карманасыз.

Сиз кофени шар эле ичип коесуз.

Сиз — эмгекчилсиз, ишиңизде жаңы бийиктиктерди чаалыкпастан багындырууга даярсыз. Дегеле, шар жутуп жибергендер, дайыма шашып жүргөндөр, алар максатына токтоосуз келүүнү каалашат.

Кофени кашык менен аралаштырып, эки жакты карап отуруп ичесиз.

Активдүү катышуучуга караганда, сиз байкоочусуз. Балким, кээде бир аз унутчааксыз дагы.

Кофеңиз муздап калып, сиз аны бир аз иренжүү менен ичсеңиз, демек, сиз көп нерсеге маани бербейсиз.

Кээ бир адамдар кофе ичүүдө кашыкты чыгарып коюу унутуп калышат.

Ар бир ичкен сайын кашык көзүнө тие берет. Мындай катачылыкты кайталоо адамдын стресс абалын, ошондой эле бардыгын бир кылка кылбаган уюшкансыздыгын билдирет.

Кофени бир туруп оң, кайрадан сол колу менен кармап ичкен адамдар бар.

Мындай аралашкандык психикалык бузулгандыкты күбөлөндүрөт.

Кофе тууралуу кызыктуу факт

Сиз кофеинге көз каранды экениңизди же жоктугун аныктоо үчүн кандайдыр бир убакытка кофе жана башка кофеин бар ичимдиктерди ичүүнү токтотуп коюшуңуз керек. Көз карандылык болсо, төмөнкү белгилеп пайда болот:

  • баш оору,
  • чаалыгуу жана уйку келүү,
  • эч нерсени жактырбоо,
  • маанайдын түшүүсү, депрессияга чейин жетүү,
  • куску келүү,
  • булчуңдардын ооруксунуусу.

Бул белгилердин баары же айрымдары пайда болушу мүмкүн.

Көнүп калган сайын тиешелүү таасирге жетишүү үчүн улам чоң доза талап кылынат. Доза канчалык чоң болсо, көз карандылык ошончолук күчтүү. Кофенин зыяны канчалык чоң болгон сайын, андан баш тартуу ошончолук кыйындай баштайт.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий