• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жалпы адамзатты арууланткан табериксиңер! Төрага балдарды куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.06.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

Төраганын куттуктоосу:

Ардактуу келечек ээлери!

Силерди Жогорку Кеӊештин жана жеке өзүмдүн атымдан 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бул майрам бөбөктөр үчүн эле эмес, жалпы адамзат үчүн өтө маанилүү. Анткени, баарыбыз балалык деген бактылуу куракты башыбыздан өткөрүп, аны дайым кубаныч менен эскеребиз. Бала кездеги кыялдарыбыз келечегибизге жол чырак болуп, дайыма коштоп жүрөт. Бардык турмуш балалыктан башталып, ал куракта алынган тарбия-таалим, айтылган бата-тилектер кийинки тагдырыбызга пайдубал болуп берет. Андыктан балдарыбызды мээримге бөлөп, жакшы тарбия берүү ар бир ата-эненин, жалпы коомдун ыйык милдети.

Ардактуу мекендештер!

Балдардын көйгөйүнө көңүл буруу керектигин, айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү бөбөктөргө жана кароосуз калган наристелерге көмөк көрсөтүү зарылчылыгын эске салган бул эл аралык күн 1950-жылдан бери белгиленип келет. Жылдан-жылга бул күндүн мааниси артып, жаңы чакырыктар менен толукталууда. Анткени, дүйнө өзгөргөн сайын жаңы баалуулуктарга жана шарттарга ылайык балдарга тарбия берүү маселеси жаралууда. Айрыкча өлкөбүздөгү ички-тышкы миграциялык агым балдардын турмушуна залакасын тийгизип жатканы жашыруун эмес. Ага ылайык, аталган көйгөйдү чечүү мамлекеттик саясатыбыздагы артыкчылыктуу маселе. Эч бир бала ата-энесинен ажырап, кароосуз калбашы керек.

Урматтуу бөбөктөр!

“Ата – аска-зоо, эне – боорундагы булак, бала – экөөнүн ортосунда күйүп турган шам чырак” – дегендей, силер бир үйдүн гана кубанычы эмес, жалпы адамзатты арууланткан табериксиңер! Ар бириӊерге кеӊ келечек, бекем ден-соолук, узун өмүр каалайм! Биз силердин бактылуу болушуӊарга зарыл болгон шарттарды түзүүгө милдеттүүбүз. Ар бир кылган эмгегибиз, жасаган ишибиз силер үчүн экенин унутпагыла! Жакшы окуп, тарбиялуу болуп, ата-энеӊерди гана эмес, жалпы элди сыймыктандырган инсандардан болгула! Араӊардан бабабыз баатыр Манастай, дүйнөнү калеми менен башкарган улуу Чыӊгыздай, кайраты менен таӊ калтырган касиеттүү Курманжандай уул-кыздар арбын чыксын!"

Пикир

Оставить комментарий