• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Адамзаттын Айтматову

Коом 0

Бишкек, 16.04.18. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы дүйнөлүк деңгээлде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекеси белгилене баштады.

Өз элине, өз жерине,өз мамлекетине мынчалык абройду, кадыр-баркты алып келген ааламда саналуу гана адамдар бар экендигин адамзат жакшы билет. Ошондуктан, кыргыз эли, кыргыз мамлекети, кыргыз маданияты, кыргыз адабияты үчүн2018-жыл өзгөчө мааниге ээ. Өзүнүн көзү өтсө да чыгармалары, байсалдуу эмгек жолу аркылуу элине бел болуп,Ала-Тоосунун дайыма желбиреп турган туусуна айланып, кыргыз мамлекетинин келечек өнүгүп-өсүшүнө эбегейсиз салым кошуп жаткандыгын белгилеп, айтпай коюуга болбойт. Себеби, кыргыз элинин сыймыктуу туу тутары, жазуучулук орошон таланты менен миллиондогон дүйнө элдерине таанылган, жерин, элин ааламга даңаза кылган Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесин аалам элдери белгилеп жатышканына кантип сыймыктанбай тура аласың?...

Ал эми бир боор, бир тууган түрк элдеринде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекеси чоң салтанаттар, мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү иш-чараларды өткөрүү менен шаңдуу башталгандыгын белгилөөгө арзыйт.

Ушул жылдын февраль-март айларында Эл аралык “ТҮРКСОЙ” уюму Бишкекте атайы гала-концерт уюштуруп, 2018-жылды “Чыңгыз Айтматов жылы” деп жарыялап кетти.

Ал эми 9 – 10-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Ердоган мырзалар улуу ойчул, акылман, даанышман Чыңгыз Айтматов жөнүндө эң аңдамдуу, терең сөздөрүн айтышып, эки мамлекетте тең жазуучунун маарекесин татыктуу белгилөөнү дүйнөгө даң салышты.

Кечээ Астана шаарында Эл аралык Түрк академиясы тарабынан белгилүү адабиятчы Осмонакун Ибраимов жазган “Чыңгыз Айтматов – империянын акыркы жазуучусу” (“Чингиз Айтматов – последний писатель империи”) деген көлөмдүү, терең мазмундуу орусча китеби жарык көрдү.

Улуу ойчулдун чыгармачылык, өмүр жолун чагылдырган бул китеп, албетте, окуучуларды кызыктырбай койбойт.

Эгер чын-чынына келсек, гениалдуу даанышман кыргыздын нукура адамдык, ойчулдук, чыгармаларындагы элчилдикти, мекенчилдикти азыркы кыргыз коомчулугу так, даана элестете элек, аң-сезимдеринде бир даңазалуу адамдын аты катары да билгендер, өзгөчө, жаштар арасында толтура экендигине күбө да болуудабыз.

Менимче, мындан ары кыргыз элине, өзгөчө, жаштарына Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына,өмүр жолуна баам салып, терең талдоолорду жүргүзүүдөн кийин кыргыз элинин тарыхтагы, маданиятагы ордун, кыргыз эли тушуккан ар түрдүү коомдун өнүгүшүндөгү оор тарыхый кырдаалдардын таасирлери элдин элдик, улуттук ой-туюм, аң-сезимдеринде кандай натыйжаларга алып келгендиктерин философиялык жалпылоолор аркылуу бала-бакча, мектеп, жогорку мектеп окуучуларынын, кыргызстандыктардын калың катмарынын аң-сезимдеирине сиңирүү маселеси бүгүнкү кыргыз мамлекетинин, окумуштууларынын кечиктирилгис милдеттери десек ашыкча болбойт.

Мааракелерди салтанат-шаңга айландыруунун “устасы” экендигибиз белгилүү. Алар да керек, бирок, Чыңгыз Айтматовдун турмуштук терең философиясын элибиздин аң-сезимине сиңдирүү аркылуу кыргыз элин, кыргызстандыктарды нукура наркка, салтка, элдин элдигин түшүнүүгө, мамлекеттүүлүктүн мааниси эмнеде экендигине тарбияласак жакшы болбойт беле деген ойдомун. Болбосо, чүрөктөй сулуу кыздарыбыздын “Чыңгыз Айтматов ким болгон?” деген теле кабарчынын күтүүсүз суроосуна, “Ким эле?” деп башын кашып, кашкайып туруп “Журналист” деген жообун укканда, бир “Аллам оозумун түшкөнү” эч эсимден чыкпай койду. “Мектептерде эмнени окутуп жатабыз” деген оор суроону аргасыз коюуга мажбурсуң.

Эл аралык Түрк академиясы, анын президенти Проф. Др. Дархан Кыдырали мырзанын жеке демилгеси менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык жана өмүр жолун жаңыча багытта чагылдырган бул китеп кандайдыр бир деңгээлде улуу ойчулдун мурасына башкача мамиле жасоонун, балким, жаңыча түшүнүүнүн башаты болушу мүмкүн деген ойдомун.

Эл аралык Түрк академиясы ушул жылдын 30-апрели күнү Парижде ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында, ЮНЕСКО менен бирге “Руханий жаңылануу жана маданий мурас: байыртадан келечекке” аттуу Эл аралык илимий форум өткөрүп жатат. Дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 50 окумуштуу-түркологдор, мамлекеттик, дипломатиялык кызматкерлер чакырылган. ЮНЕСКО жетекчилиги менен катар бир канча эл аралык илим, билим берүү жана маданият мекеме жетекчилеринин да катышуусу күтүлүүдө.

Бул маанилүү Париж форумунда 3 отурумда түркологиянын 3 орчундуу маселелери: 1) Байыркы түрк жазма эстеликтеринин окулушунун 125 жылдыгы; 2) Түрк элдеринин маданий мурастары (Магжан Жумабаевдин 125, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы) жана 3) Жок болуп бара жаткан түрк тилдери боюнча проблемалар ортого коюлмакчы болуп жатат.

Париж форумунда “Чыңгыз Айтматов – империянын акыркы жазуучусу” китебинин таанытымы өткөрүлүп, анын автору да катышмакчы. Ушул форумда Эл аралык Түрк академиясы ЮНЕСКО менен бирге “2018 жыл Чыңгыз Айтматов жылы” деп жарыялап, жыл бою иш-чараларды өткөрүү да ойлонуштурулган.

Париж форумуна чейин бул китептин таанытымы апрелде Астанада, май айында Ташкенде, андан кийин Бакуда жана Бишкекте иш-чаралардын алкагында өткөрүлүү каралган. Улуу ойчулдун түрк ааламындагы орду кеңири даңазаланмакчы...

Париж форумунда көтөрүлүүчү дагы бир өзгөчөорчундуу маселе –ЮНЕСКО колдонгон тилдердин катарына 7-тил катары түрк тилин да сунуштоо. Себеби, дүйнө элдеринин маданиятында, билим берүүсүндө, мамлекеттик тил катары колдонулушунда түрк тилдеринин ролу чоң экендигин ааламга моюндатуу да маанилүү экендиги талашсыз.

Улуу ойчулдун, акылмандын, даанышмандын мааракесин татыктуу белгилеп, мамлекетибиздин өнүгүп-өсүшүнө, мамлекетибиздин чыңдалышына Чыңгыз Айтматов көзү барда кандай кызмат өтөсө, анын көөнөрбөс мурасы да руханий чексиз таяныч, тарыхый сабак экендигин түшүнө билели да, ар бир кыргыз жана кыргызстандык ак ниетибизди, ак кызматыбызды аябайлык.

Эл аралык Түрк академиясы башка түрк элдеринин илимине, билимине кызмат кылууда, ошондой эле, түрк элдеринин дүйнө элдеринин арасындагы татыктуу ордун алуусу үчүн буга чейинки иштерине караганда мындан ары да мыкты изилдөөлөрдү, иш-чараларды жүзөгө ашырууда өз кызматын дагы тереңдетүү багытында тынымсыз изденип жатат.

Эл аралык Түрк академиясы кыргыз таануу илимине байланыштуу бир топ эмгектерди жарыялады, маанилүү иш-чараларды Кыргызстанда өткөрдү. Жакынкы жылдарда жана келечекте Кыргызстандын мекеме, ишканалары, окумуштуулары менен бир далай жумуштарды аткаруу максатында активдүү иштерди жасап жатат.

Кадыралы Конкобаев

Астана шаары

Пикир

Оставить комментарий