• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“ADEM” тобу катышкан сынактын жеңүүчүсү аныкталды

Маданият 0

Бишкек, 15.12.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Asia's Got Talent бий сынагынын жеңүүчүсү Индонезиялык Риана Сакред аталып, 100 миң АКШ долларын утуп алды.

Аталган сынакка Кыргызстандан “ADEM” тобу да катышып, калыстар тобун жана жалпы көрүүчүлөрдү өздөрүнүн өзгөчө бийлери менен таң калтыра алышты.

Эскерте кетсек, “Adem Dance” бул сынакта эки өзгөчө бийи менен чыккан. Бири “Мортал Комбат”, экинчиси “Музейдеги тоноочу” видео оюндарынын мотиви боюнча даярдалган. Ал эми финалда роботтордун образында бий даярдашкан.

"Азия талантарды издейт" – таланттар сынагы. Анда ырчылар, бийчилер, куудулдар, таланттуу артисттер өз өнөрлөрүн тартуулашып, баш байге 100 миң сом үчүн күч сынашты.

Пикир

Оставить комментарий