• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Адилет Камчыбеков Тунистеги ядро ыргытуу спорту боюнча мелдеште коло утту

Спорт 0

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Кыргызстандын пара жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Адилет Камчыбеков Гран-при чемпионатында ядро ыргытуу спорту боюнча мелдеште коло медаль утту. Бул тууралуу спортчу “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Мелдеш 27-29-июнь күндөрү Тунис шаарында өттү.

Камчыбеков 6 кг салмактагы ядрону 11,35 метр аралыкта ыргытып, коло байгенин ээси болгон. Ал эми биринчи орунду алган Франциянын спортчусу Тоши Бадр 12,33 метр, экинчи орунга илинген Кувейттин спортчусу Сорур Файсал ядрону 14,87 метр аралыкка ыргыткан.

Пикир

Оставить комментарий