• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Адилет Султаналиев премьер-министрдин басма сөз катчысы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 31.08.18. /Кабар/. Адилет Султаналиев Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин басма сөз катчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Мурда Адилет Султаналиев Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин редактору, Кыргыз Республикасынын Президентинин маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти, бөлүм башчысынын орун басары болуп эмгектенген.

Пикир

Оставить комментарий